Бүткүл дүйнөлүк Банк БААУнун студенттери үчүн “Адамдык капитал” деген темада семинар өткөрдү

2019-жылдын 5-февралында Экономика департаменти жыл сайын өтчү ачык лекциялардын алкагында Бүткүл дүйнолүк банктын катышуусунда “Адамдык капитал” деген темада семинар уюштурду. Семинарды студенттер үчүн Бүткүл дүйнолүк Банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук баштаган эксперттер өткөрүштү.

Семинардын катышуучуларынын адамдык капиталы өнүккөн өлкөлөр гана туруктуу экономикалык өсүүгө жетише аларына көздөрү жетти. Ден-соолук жана балдардын билим берүүсүнө инвестиция жасап, келечекте жаштар дүйнөлүк экономикалык аренада эффективдүү түрдө атаандаша ала турган ыкма жана потенциалдарды өнүктүрүү зарыл.