“Go Green AUCA!” акциясы (29-ноябрь – 13-декабрь) БААУнун Айлана-Чөйрө жана Өнүгүү Борбору менен бирге!

Качан гана акыркы бак-дарак чабылганда,
Качан гана акыркы дарыя ууланганда,,
Качан гана акыркы балык кармалганда,
Мына ошондо гана акчаны жегенге болбосун түшүнөбүз.

Биз БААУ бара-бара “жашыл” окуу жайга айлануусун, ал эми студенттер туруктуу тажрыйбаларды өз жашоосуна активдүү пайдаланып, экологиялык демилгелерге колдоо көрсөтүүсүн каалайбыз.

 Айлана-Чөйрө жана Өнүгүү Борбору (CED AUCA) сизге “Go Green AUCA!” долбооруна кошулуу уникалдуу мүмкүнчулүгүн сунуштайт. Бул саамалык 29-ноябрдан 13-декабрга чейин өтөт.

Акциянын катышуучусу болуу үчүн төмөнкү жөнөкөй эрежелерди кармансаңыз жетиштүү:

  1. Пластикалык баштыктарды сатып албоо (бирок сатылып алынган баштыктарды кайра колдонууга болот).
  2. Тамак-ашты ыргытпоо (Досторуңуз менен бөлүшсөңүз болот).
  3. Пластикалык баштыктагы буюм/тамак-ашты сатып албоо.
  4. Коомдук транспорт же шайтан арабаны пайдалануу же жөө жүрүү.
  5. (Колдон келишинче) Лифтти пайдаланбоо.
  6. Кагаз, электр кубаттуулугу, суу жана башка ресурстарды минималдык өлчөмдө керектөө.
  7. Таштандыларды сорттоо (жок дегенде кагазды, пластикти жана картонду).
  8. Жок дегенде 3 күндө бир өзүңүздүн “жашыл” жашооңуздун ийгиликтери/кыйынчылыктары тууралуу #gogreenauca хештеги менен каалаган социалдык түйүнгө (фейсбук, инстаграм, твиттер) жазуу. Мындан тышкары Телеграмдагы GoGreenAuca каналына (t.me/gogreenauca) жазылып, бизге өз тажрыйбаңыз тууралуу билдириңиз.

Мыкты билдирүүлөр социалдык түйүндөрдөгү CED AUCA баракчаларына жана расмий сайтка жарыяланат. Жана баалуу белектер менен сыйланат.

Келгиле планетаны бирге сактап калалы!

Таштандыларды сорттоп баштоону каалагандар үчүн жакшы булактар:

http://livingasia.online/2017/02/23/bishkek_plastic/

https://kaktus.media/doc/379289_zerowaste._10_sovetov_kak_sokratit_kolichestvo_mysora_v_svoey_jizni_i_sekonomit_na_etom.html

https://24.kg/obschestvo/91505_gryaznyiy_vopros_kak_bishkekchaninu_izbavitsya_otmusora_ipri_etom_zarabotat/

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *