Академиялык Институттар

Үзгүлтүксүз аракеттер Эл аралык университеттер жана изилдөө борборлору менен жумуштук байланыштарды орнотууга багытталган.

 

AUCA-NMBU долбоору 

2012-жылы бөлүм Норвегиялык табигый илимдер университети (NMBU) менен долбоордук докмуентке кол койгон. Биргелешкен долбоордо оз ара окуу программалары жана изилдөө азыктарын иштеп чыгуу каралган.

  • Экономика боюнча магистратуранын бардык студенттери 1 семестр NMBU`да окуу мүмкүнчулүгүнө ээ.
  • БААУнун экономика боюнча магистрдик программалары дал NMBU менен кызматташтыкта иштелип чыккан.
  • Биргелешкен курстарды иштеп чыгуу жана тажрыйба алмашуу максатында 2012-2017-жылдардын аралыгында БААУнун 10 окутуучусу NMBU`да болуп кайтышкан.
  • Ушул тапта 3 изилдөөчүлүк долбоор иштелүүдө.
  • Учурда NMBU`да 2 мугалим PhD даражасына окуп жатат.
  • Магистранттардын жарымынан көбү окууларынын бир бөлүгүн Норвегияда бюджеттик негизде өткөрүштү.

Bard International Network

Бард-колледж БААУнун башкы Эл аралык мекеме-өнөктөшү болуп саналат. Bard International түйүнүнө Кыргызстан, АКШ, Германия, Венгрия, Литва жана Россиядагы гуманитардык багыттагы Институттар киерт. Мындай түйүн окутуучулар, администрация жана студенттер арасында көп кырдуу кызматташтыкка шарт түзөт.

Экилик даража

2009-жылы Бард жана БААУ биргелешкен өнөктөштүктү ишке киргизген. 2011-жылдан тарта ал экономика программасындагы студенттер үчүн искусстволордун бакалавры даражасын берип келет. Бул КРнын Билим берүү министрлиги берген даражага кошумча катары эсептелет.

Студенттерди алмашуу

  • Ар семестр сайын БААУнун 6 студенти АКШнын Бард колледжине жөнөтүлот.
    Жакшы академиялык статуска ээ 2инчи жана 3-курстун студенттери чет өлкодө окуу программаларына катышуу укугуна ээ.
  • Конференциялар жана семинарлар
  • Бард-колледж окутуучулардын конференцияларга катышуусун колдоого алат.
  • Бард туруктуу түрдө окутуучулар жана кызматкерлер үчүн семинарларды уюштурат.
  • Жок дегенде БААУнун 1 студенттик командасы Bard Network Debate семинарына катышуу үчүн каржыланат.

US-CAEF 

 

US-CAEF (Борбор Азиядагы Билим берүү Фонду) бөлүмгө 2008-жылдан бери колдоо көргөзүп келет. Атайын окутуучулар үчүн семинарларды уюштуруп, окутуу жана изилдөө ыкмалары боюнча китептер жана материалдар менен камсыздап келет. Фонд студенттерге да студенттик стипендиялар (Enterprise Student Fellowships)  менен корпоративдик тажрыйба арттырууларды (Enterprise Intern Fellowships) сунуштап ар тараптуу колдоо көргөзүп келет.

Корпоративдик студенттик стипендиялар (Enterprise Student Fellowship) Экономика жана Бизнес-Админстрациялоо боюнча бакалавр программаларынын жогорку квалификациялуу студенттери үчүн каралган. Стипендиялар бакалавриаттын 4 жылдык мөөнөтүнө бөлүнүп, бирок жыл сайын окуудагы жетишкендиктерине жана башка шарттарга карата кайра каралып турат.

Корпоративдик тажрыйба арттыруулар АКШда баалуу тажрыйба алуу үчүн Enterprise Student Fellowship программасынын мыкты студенттерине гана сунушталат.

Humboldt-Universität zu Berlin