Ошондой эле факультет эл аралык мекеме жана донор-уюмдардын өкүлчүлүктөрү менен тыгыз кызматташат. Программанын окутуучулары түрдүү изилдөө долбоорлорун ишке ашырып, төмөнкү уюмдардын саясий маселелери үчүн аналитикалык документтерди даярдап келет:
- GIZ (Эл аралык кызматташтыктын Германиялык агенттиги)
- Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы Туруктуу миссиясы
- Азиялык Өнүктүрүү Банкы
- UNDP
- USAID
Факультеттин экономист-студенттери үчүн Буткүл дүйнөлүк Банктын эксперттери лекция окуп турушат. Мындан тышкары GIZ менен кызматташуунун алкагында айлана-чөйрөнүн экономикасы боюнча жаңы курстар иштелип чыгууда.