Профессордук-окутуучулук курам

Кудабаев Зарылбек, экономика факультетинин башчысы

Кудабаев Зарылбек Исалыевич БААУнун өзүн жакшы тараптан көрсөткөн профессор, окутуучулук жана изилдөөчүлүк чоң тажрыйбага жана ошондой эле мамлекеттик кызматтарда иштөө боюнча да бай тажрыйбага ээ адиси болуп саналат. Анын Кыргыз Республикасынын Улуттук стаистикалык комитетинин жетекчиси катары (1997-2005) жетекчилиги алдында Кыргызстандын статистикалык системасында фундаменталдык реформалар жүзөгө ашырылган. Ошондой эле ал КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын эркин экономикалык аймактар бөлүмүн башкарып (1995-1997), бул сыпатта республикабыздагы эң ийгиликтүү “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары белгилүү.

Профессор Кудабаев көптөгөн изилдөө долбоорлорун, анын ичинде ири Эл аралык программаларды жетектеп, улуттук саясаттын бир катар демилгелерине салым кошкон. Кыргыз Өкмөтү ага экономикалык маселелер же саясий демилгелер боюнча акылдашуу же эксперттик оюн билүү максатында дайыма кайрылып турат. Профессор Кудабаев белгилүү Эл аралык басылмаларда жарык көргөн монография жана макалалардын автору болуп саналат. Профессордун илимий кызыгуусу – бул Жакырчылык жана Өнүгүү, Туруктуу Экономикалык Өсүү.

Курстары: Макроэкономика (арадагы өткөөл деңгээл), Экономикалык өнүгүү, Өнүгүүнүн экономикасы, Улуттук экономика.

 

 

Укуева Нургуль, академикалык суроолор боюнча вице-президент

Нургуль экономика боюнча PhD даражасын АКШнын Дьюк университетинде алган. Магистр даражаларын АКШнын Дьюк жана Темпл университеттеринде алган. Анын адистик тармактары өнүгүүнүн экономикасы, эл аралык экономика, экономикалык өнүгүү болуп саналат. Анын акыркы изилдөөлөрүндө негизги көңүл эмгек миграциясы, жогорку квалификациялуу кызматкерлер жана өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн акча которуулардын таасирлерине бурулат. Ошондой эле ал Борбор Азиядагы аялдардын эмгек акысындагы айырмачылыктарды жана аялдардын эмгектенүүсүнүн факторлору менен өзүн-өзү иш менен камсыз кылуусун иликтейт. Нургуль Европалык Комиссиянын TACIS Программасынын, Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү Департаментинин, Азиялык Өнүктүрүү Банкынын, БУУ-Аялдар жана БУУнун Өнүктүрүү Программасы уюштурган изилдөө долбоорлорунда консультант катары иш тажрыйбага ээ. Мындан тышкары Эл аралык валюта фондунун алдыңкы изилдөөлөрүнүн стипендианты, CERGE-EI Фондунун стипендианты, “Ачык коом” Институнун академиялык стипендианты, Дьюк университетинин Жогорку Мектебинин стипендианты, Эдмунд Маск Академиясынын аспиранттарынын стипендианты, ЕККУнун Академиясынын стипендианты болуп саналат.

Курстары: Миграция, дипломдук иш жазуу боюнча семинарлар, Макроэкономика, Колдонмо эконометрика, Изилдөө ыкмалары

 

Джакыпова Мээрим

Джакыпова Мээрим БААУну экономика адистиги боюнча 2011-жылы аяктаган.Менеджмент багытында магистрдик даражаны Венадагы Вебстер университетинде (Австрия) алган.

Курстары: Баштапкы экономикалык теория, Экономикага киришүү

 

 

 

 

Жениш Назгуль

Жениш Назгуль БААУнун экономика илимдеринин доценти болуп саналат. Экономика илимдеринин доктору даражасын Колледж-Парктагы Мэриленд штатынын Университетинде алган. Анын негизги изилдөөчүлүк кызыгуусу – бул теориялык жана колдонмо эконометрика.

Курстары: Эконометрикага киришүү, колдонмо эконометрика, экономиканын изилдөө ыкмалары

 

 

Жениш Нурбек, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасынын орун басары

Нурбек Жениш БААУнун экономика кафедрасынын доценти болуп саналат. Ал Кыргыз Техникалык университетинин эсептөөчү жана маалымсаттык системалар тармагында магистр даражасына, КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын МВА даражасына жана Австралиянын Улуттук университетинин экономика илимдеринин доктору даражаларына ээ. Ошондой эле ал Борбордук-Европалык университетинде доктор даражасын алган. Анын “Ачык экономиканын макроэкономикасы жөнүндө эссе” аталышындагы доктордук диссертациясы Европа Биримдигинин Евроаймакка өтүүдөгү жаңы мүчөсүнүн акча-насыялык жана каржылык жагын үлгүлөөсүнө тийиштүү болуп, толук эмес далларлашкан өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү алмашуу курстардын режимди тандоосун изилдеген. Анын изилдөөчүлүк кызыгууларына өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү акча-насыялык жана салыктык-бюджеттик саясатын, өнүгүүнүн экономикасын жана колдонмо эконометриканы үлгулөө кирет.

Курстары: Эконометрикага киришүү, компьютердик тиркемелери бар экономистттер үчүн статистика, экономисттер үчүн математика, убактылуу катарлардын анализи, Эл аралык макроэкономикага киришүү, экономикалык изилдөөлөр, жазуу иштери жана семинарлар.

 

Констанц Людмила

Констанц Людмила, филиософия илимдеринин доктору, 1999-жылдан тарта БААУнун Экономика кафедрасында доцент болуп эмгектенип келет. Британиялык EdExell – BITEC системасынын негизинде ишмердүүлүк жүргүзгөн Менеджмент жана Дизайн университетинин Эл аралык бизнес бөлүмүнүн жетекчиси катары иш тажрыйбасына ээ. 8 жыл Улуттук Илимдер Академиясынын Экономикалык жана Саясий изилдөөлөр Инстутунда илимий кызматкер / улуу илимий кызматкер болуп иштеген. Констанц Людмила турдүү өлкөлөрдөгү билим берүү реформалары тууралуу изилдөө отчетторун жана Эл аралык миграциянын айынан адам капиталынын калыптануусу, таасири жана азайышына байланышкан илимий кызыгуучулуктун алкагындагы башка маселелерди изилдеген. Ал өнүгүү программаларынын алкагында Сан-Диего университетинде (АКШ), Мэриленд университетинде – Колледж-Парк (АКШ), Вашингтон Университетинде (АКШ) – 2 ирет, RUTGERS`те (АКШ), Адам укуктары боюнча Институтта (Дания), NMBU`да (Норвегия) жана башка түрдүү жайкы мектептерде (мисалы 3 жылдык EERC программасы), семинарларда, кесиптик тренингдерде билим алган.

Курстары: Баштапкы жана арадагы ортозаар микроэкономикалык теория, Эмгек экономикасы, Фирманын экономикасы, Өндүрүштүк уюм.

 

 

 

Кыдыралиева Канайым

Канайым улуу окутуучу болуп эмгектенет жана экономика жана менеджмент боюнча магистр даражасын Берлиндеги Гумбольдт университетинде алган.

Курстары: Экономисттер үчүн математика, Микроэкономикага киришүү

 

 

 

 

Кыргызбаева Асель

Кыргызбаева Асель экономика факультетинде 1998-жылдан бери ишейт. Бакалавр жана магистрдик даражадагы курстар боюнча сабак өтүп, дипломдук иштер боюнча жетекчилик кылат. Индиананын (АКШ) экономика боюнча магистри даражасына ээ, КРнын Башкаруу Академиясында билим алган, Кыргызстандын Эл аралык университетин экономика багыты  боюнча артыкчылык менен аяктаган. Ал АКШнын Мамлекеттик Департаменти тарабынан каржыланган окутуучулук курамды өнүктүрүү программасынын стипендианты, “Ачык коом” уюмунун академиялык стипендианты болуп саналат. Бүткүл дүйнөлүк соода уюму, ТАСИС, “Ачык коом” институту, USAID программасы тарабынан уюштурулган тренинг жана окутуу программаларына катышкан.

Илимий кызыгуучулук тармактары: Эл аралык экономика, Эл аралык соода, Макроэкономика, Мамлекеттик каражат жана саясат.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймактык кызматташуу багытында кандидаттык диссертациясынын үстүндө иш алып барууда. 4 жыл БААУнун окуу бөлүмүнүн башчысы (2011-2015) кызматында иштеген. БААУнун көптөгөн академиялык комитеттери менен Академиялык Сенатынын активдүү мүчөсү болуп саналат.

2018-жылдын март айынан баштап Бакай Банктын Директорлор Кеңешинин мүчөсү.

Курстары: Баштапкы Микроэкономика, Баштапкы Макроэкономика, Микроэкономика: арадагы ортозаар деңгээл, Микроэкономика: арадагы ортозаар деңгээл, Эл аралык Экономика, Акча жана банк иши, Мамлекеттик сектордун Экономикасы.

 

 

Муктарбек кызы Акылай, экономика боюнча магистратуранын жетекчиси

Муктарбек кызы Акылай Норвегиянын табигый илимдер университетинин PhD программасынын аспиарнты болуп саналат. Экономика боюнча магистр даражасын Будапешттеги Борбордук-Европалык университетинде алган. КРнын Улуттук банкынын экономикалык изилдөөлөр Борборунда консультант болуп саналат. Акылайдын изилдөөчүлүк кызыгуусу программаларды баалоо (impact evaluation) жана өнүгүү маселелерине байланышкан.

Курстары: Макроэкономикага киришүү, Экономисттер үчүн математика, Эмгектин экономикасы, Экономиканын изилдөө ыкмалары, дипломдук иш жазуу боюнча семинардык сабактар.

 

 

Нуриева Гульнара

Гульнара экономика факультетинде улуу окутуучу болуп эмгектенет. Магистр даражасына Москва мамлекеттик университетинде ээ болгон. Окутууда жана изилдөө программаларында кенен иш тажрыйбага ээ. Анын изилдөөчүлүк кызыгуусу озүнө жаратылыш ресурстарын башкаруу жана айлана-чөйрөгө байланышкан маселелерди камтыйт.

Курстары: Микроэкономикалык теория (киришүү жана арадагы ортозаар деңгээл), мамлекеттик сектордун экономикасы, Эл аралык экономика, Айыл-чарба саясаты жана Эл аралык соода.

 

 

 

 

 

Сабырбеков Рахат, айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борборун жетекчиси

Сабырбеков Рахат Норвегиянын табигый илимдер университетинин Экономика жана бизнес мектебинин PhD дипломун алган. Ал БААУнун экономика факультетинде сабак өтүп, Айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борборун (ЦОР АУЦА, ced.auca.kg) жетектейт. Магистр даражасына Улуу Британиянын Бирмингем университетинде ээ болгон. Рахат экосистемалык кызматтар боюнча өкмөт аралык платформанын жана био ар тараптуулукту баалоо боюнча отчеттун автору болуп саналат. Анын изилдөөчүлүк кызыгуусу экосистемалык кызматтар, жаратылыш капиталы жана жаратылыш ресурстарын башкаруу маселелерине таандык.

Курстары: Макроэкономикалык теорияга киришүү, Микроэкономика, Айыл-чарба экономикасы, Экономикалык окуулардын тарыхы, Айлана-чөйрөнүн экономикасы.