Окууга тапшыруу

Окууга тапшыруудагы минималдык талаптар

Талапкерлер университеттин биринчи даражасына ээ болушу керек же экономика боюнча магистрдик программага тапшыруу үчүн ошол даражаны тастыктаган документациясы болуусу шарт. Дал экономика багыты боюнча базалык билимдин (бакалавр) болуусу шарт эмес – башка тармактар боюнча да бакалавр даражасына ээ студенттер бул программага окууга өтө алышат. Бирок сандык/аналитикалык ыкмалага ээ болуусу, англис тилинде жакшы сүйлөй алуусу зарыл. Мыкты математикалык базасы (мисалы математика же инженерия боюнча биринчи даражанын ээси) бар талапкерлерди биздин магистрдик программага тапшырууга өзгөчө чакырып кетебиз.

Окууга өтүү сынактары

Окууга өтүү үчүн 3 сынак тапшыруу керектелет: англис тили боюнча (TOEFL же IELTS сертификаттары болсо сынактан бошотулат) жана БААУнун өзүнүн математика жана эссе (ордуна GRE жарайт) боюнча сынактары.

Сынактарды тапшыруунун мөөнөттөрү

Сынактарды тапшыруунун 2 баскычы бар. Алар БААУга окууга өтүү боюнча Комиссия тарабынан өткөрүлүп, жарыяланып турат (БААУга окууга кабыл алуу боюнча баракчанын шилтемеси https://auca.kg/en/undergrad/).

Арыз жазуу жараяны

ONLINE APPLICATION толтуруу, БААУнун сынактарын тапшыруу, документтерди жөнөтүү

Зарыл болгон документтер:

AUCA Admission Application Form

Бакалавр даражасы

Паспорттун көчүрмөсү (оригиналын талап кылуусу мүмкүн)

Резюме (англис тилинде)

Максатын баяндап берүү (англис тилинде)

2 сүрөт (3×4 см, ак фондо)

Сынактарды тапшыруунун мөөнөттөрү

1-агым

Каттоо – 18.02.20

Окууга өтүү сынагы – 23.02.20

Каттоо — 24.03.20

Окууга өтүү сынагы – 29.03.20

Окууга өтүүгө арыз менен кайрылуунун акыркы мөөнөтү – 19.04.20

2-агым

Каттоо – 12.05.20

Окууга өтүү сынагы – 17.05.20

Каттоо – 02.06.20

3-агым

Окууга өтүү сынагы – 07.06.20

Окууга өтүүгө арыз менен кайрылуунун акыркы мөөнөтү – 21.06.20

 

4-агым

Каттоо – 01.08.2020-08.08.2020 (каттоодон өтүү үчүн assist_econ@auca.kg дарегине жазыңыздар)

Окууга өтүү сынагы – 10.08.2020

Суроолор жана кошумча маалымат алуу боюнча бизге кайрылыңыздар:

Жакыпбекова Айкумуш

assist_econ@auca.kg

0312 915000 (470)

0556 886854