Баяндама

БААУнун экономика тармагында илимдер магистри

2016-жылы Норвегиянын табигый илимдер университети (NMBU) менен кызматташтыкта экономика боюнча 2 жылдык магистратура боюнча программа ишке киргизилген. Бул программа жогорку эл аралык стандарттарга жооп берип, мазмууну жагынан америкалык жана европалык мыкты магистрдик программалар менен шайкеш келет.

Ал экономикалык теория жана алардын тиркемелери жаатында өз билимдерин тереңдеткиси келген студенттерге ылайыкташкан. Анын негизинде экономикалык теорияны техникалык жана тереңдетилген түрдө иликтеп, факультеттин алкагында бир катар иш-чараларды өткөрүү сунушталат. Бул келечекте кесиптик максаттарда пайдаланууга чоң жардам берет эмеспи.

Бул программа өзгөчө алдыңкы колдонмо экономикалык иликтөөлөрдө пайдасы тие турган программаларды издегендер үчүн табылгыс. Ал төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт:

  • Экономика багытында тереңдетилген билим алууну каалаган студенттерге мамлекеттик жана жөнгө салуучу органдарда, каржы жана консалтинг менен байланышкан жеке компанияларда ишин улантуу мүмкүнчүлүгү
  • Экономика боюнча негизги билимин өнүктүрүүнү каалаган студенттерге тандоо боюнча курстарда окуу мүмкүнчүлүгү
  • PhD даражасын алууну жана негизги даярдыкты өтүүнү каалаган студенттерге

Эмне үчүн БААУнун экономика багыты боюнча магистратурасы?

  • Жөнгө салуу, консалтинг жана каржылоо тармагында атаандаштыкка туруштук берген ыкмаларды үйрөнүү
  • Мыкты эл аралык PhD программаларына академияылк даярдоо
  • Экономикалык көйгөйлөргө сандык мамиле
  • Чет жерде семестр окуп келүү мүмкүнчүлүгү (Норвегиялык табигый илимдер Университети, Тренто Университети, Индиананын Университеты)
  • Окуунун баасынын 80% өлчөмүнө чейин стипендия алуу
  • Окутуучуга иликтөөчү-ассистент/окутуучу-ассистент болуп иштөө мүмкүнчүлүгү

Норвегиянын NMBU университети менен кызматташуу

Программа экономикалык теория менен анын тиркемелерин айкалыштырып, экономиканы тереңдетилген түрдө изилдөөнү камсыздоо үчүн норвегиялык NMBU университети менен кызматташтыкта иштелип чыккан. Курстар NMBU`нун профессорлору менен Дьюк, Борбордук-Европалык жана Мэриленд университеттеринде PhD даражаларына ээ болгон БААУнун жогорку квалификациялуу окутуучулары менен биргеликте өткөрүлөт.

Программанын баяндамасы:

  • Дүйнөлүк деңгээлде таанылган интернационалдык курам
    • Окутуу туруктуу негизде 22 айга созулат
    • Кыргыз Республикасы жана АКШ тааныган даражалар.
    • Жумуш менен окууну айкалыштыруу мүмкүнчүлүгү (окуу дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин 18:30дан 21:15 ке чейин, ал эми ишемби күнү 9:25тен 15:25ке чейин)
    • 2019-2020 жылдарга карата 1 жылдык окуу акысы 4000 АКШ долларын түзөт. Стипендия алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Суроолор жана кошумча маалымат алуу боюнча бизге кайрылыңыздар:

Жакыпбекова Айкумуш

assist_econ@auca.kg

0312 915000 (470)

0556 886854

Муктарбек кызы Акылай, БААУнун экономика боюнча магистрдик программасынын директору

muktarbek_a@auca.kg