Трансфер (которулуу) саясаты

БААУнун ичиндеги трансферлер (которулуулар)

Студенттер экономика программасына которулуу боюнча арыз менен биринчи окуу жылын ийгиликтүү аяктаган соң кайрыла алышат. Бирок эске алчу жагдай, БААУнун алкагында которулуу үчүн студенттер экономика факультетине тапшыруунун бардык талаптарына жооп берүүсү жана эки кафедранын башчыларынын уруксатынын болушу зарыл. Эгер 2 программанын сынактары салыштырмалуу окшош болсо, анда баштапкы программанын окууга тапшыруу боюнча сынактарынын жыйынтыгы жетиштүүлүк кылат. Андай болбой окууга тапшыруу сынактарынын упайлары жаңы тандалган адистиктин талаптарына жооп бербесе, анда студент кайрадан кирүү экзамендерин тапшырат.

Эгер студент математиканын алда канча өнүккөн курсунан (MAT 131.1 Экономика үчүн чиймелүү алгебра жана аналитикалык геометрия   ЖЕ MAT 132 Бизнес жана экономика үчүн математика I) ийгиликтүү өтүп, “В-” же андан жогору баа алса, анда экономика факультети мындай көрсөткүчтү окууга кабыл алуу боюнча сынактын жыйынтыгы катары эске ала алат.

GPA`га карата которулуп жаткан студенттерге талап – 2.7 GPA`га ээ болуу. БААУда экинчи курска чейин башка факультетке которулууга уруксат жок болсо да, 1-курстун 2-семестринде аларга негизги адистиктин сунушталган курстук ишинин үстүнөн иштеп баштоо сунушталат. Студенттер “Микроэкономикалык теорияга киришүү” курсун алып, “В-” кем эмес баасына ээ болушу керек. Ошондой эле студенттерге бир факультеттен башка факультетке которулууда каржылык жардам көрсөтүүдө орун алчу өзгөрүүлөрдөн кабардар болуп туруу үчүн Каржылык колдоо көрсөтүү боюнча кеңсе менен кеңешип туруу сунушталат.

БААУнун бардык ички которулуулары семестр башталгыча башталуусу керек.

БААУга башка окуу жайдан которулуу

БААУга башка университеттен которулууну каалаган студент БААУнун арызынын үлгүсүн жана башка окуу жайда окуган бардык академиялык сабактарынын транскриптин (сабактардан жетишкендиги тууралуу табель) тапшыруусу керек. Мында БААУ сунуштаган даражаларга дал келген курстар гана которулуу үчүн кабыл алынат. Которулууга “С” жана андан жогору баалар (тамгалар менен баалоо системасы боюнча) же 3 жана андан жогору (мурунку советтик сандар менен балоо системасы боюнча) бааларына татыган курстар гана жарайт. “Зачёт” баасы дене тарбия жана музыка курстарына гана жарактуу. БААУда окулбаган же алмашуу боюнча окулган курстардын баалары GPA`ны эсептөөдө эске алынбайт. Которулууну каалаган студенттерге толук маалымат алуу үчүн БААУнун Жалпы академиялык эрежелери менен таанышуу жана/же БААУга окууга кабыл алуу боюнча Кеңсе менен байланышуу сунушталат. Окуу бөлүмү БААУда студент тарабынан кайсы курстар жана канча насыялар которулуусу мүмкүн экендигине гана жооптуу.