Minor (экономика экинчи адистик катары) үчүн талаптар

Сиз негизги адистигиңизге кошумча катары экономикалык процесстерди базалык жактан түшүнүү жана эмгек рыногунда өзүңүздүн атаандаштыкка туруштук берүүңүздү көтөрүү үчүн экономикада экинчи адистикти ала аласыз. Экономиканы экинчи адистик катары тандаган студенттер биринчи жана алда канча өнүккөн деңгээлдеги микро жана макро экономика боюнча курстарды алуусу керектелет. Ошондой эле алар “Экономика” программасы тарабынан сунушталган  тандоо боюнча алда канча өнүккөн деңгээлдеги бир нече курстарды тандоосу абзел (300үнчү же 400-денгээлдеги).

Биринчи окуу жылында студенттерге микро жана макроэкономикага киришүү курстарын тандоо кеңеш берилет. Анткени бул курстарды ийгиликтүү өтүү кезектеги алда канча өнүккөн курстарга катталууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле өзүнүн адистиги боюнча minor`го арыздарды экинчи окуу жылынын аякташына чейин жазуу максатка ылайык болот. Арыздын үлгүлөрү программанын кеңсесинде; Негизги жана “Экономика” программасынын Жетекчилери тарабынан жактырылган арыздарды Окуу бөлүмүнө тапшыруу кажет.

 

# Курстардын тизмеси Насыялар
1. ECO 112.1: Микроэкономикага киришүү 6
2. ECO 122.1: Макроэкономикага киришүү 6
3. ECO 217.1: Микроэкономика: арадагы өткөөл деңгээл же ECO 215.1: Макроэкономика: арадагы өткөөл деңгээл 6
4. Тандоо боюнча төрт экономикалык курстар 24
Жалпы 42

 

Бардык экзамендер кат түрүндө. Студенттер милдетүү түрдө макро- жана микроэкономика боюнча (студенттин тандоосуна жараша) мамлекеттик сынак тапшырат. GPA`га минималдык талап – 2.7.