Эмне себептен экономиканы БААУда иликтөө кажет?

 

БААУда экономиканы иликтөө менен бирге сиз биз жашап жаткан ааламды түзгөн чечүүчү экономикалык жана ага байланышкан маселелерди изилдеп, алар боюнча кенен түшүнүккө ээ болосуз. Биз ишкана, калк, түрдүү мекемелер жана өкмөттөр тарабынан кабыл алына турган экономикалык чечимдерге таасирин тийгизген теория жана факторлорду түшүндүрөбүз.

Биздин студенттер жумуш берүүчүлөр талап кылган жана Эл аралык иштер жана өнүгүү маселелеринде саясатты иштеп чыгууга зарыл сандык жана аналитикалык ыкмаларга ээ болушат. Мындай жогору суроо-талапка ээ БААУнун экономика факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн дарамети башка факультеттердин бүтүрүүчүлөрүнөн бийик. Биздин бүтүрүүчүлөр консалтинг, аудит, банк системасы тармагында жана эл аралык уюмдар менен мамлекеттик мекемелерде иштешет.

 

БААУнун экономика факультети Борбор Азиядагы бакалавриат жана магистратура боюнча эң мыкты делген программалардын бирин сунуштайт:

  • АКШнын AUCA-Bard`ы жана Кыргызстан тарап 2 даражалуу бакалавриат программасын аккредитациядан өткөрүштү
  • Либералдык искусствонун америкалык салттарына ылайык Эл аралык, көп дисциплинардык академиялык бирикме
  • Аймактагы эң экологиялык прогрессивдүү курулуш жана Борбор Азиядагы жеке булактар тарабынан каржыланган биринчи жашыл долбоор болгон жаңы кампус
  • Дүйнөлүк класстагы китепкана жана окуу жайлары
  • БААУнун алмашуу программалары аркылуу чет элде билим алуу мүмкүнчүлүгү
  • Экономикалык саясатты иштеп чыгуу жана эксперттик-консультациялык жумуш менен активдүү түрдө алектегенген окутуучулар
  • Студенттик тажрыйбаны байытууга багытталган көптөгөн окуудан тышкаркы иш-чаралар
  • Ишке орношуу боюнча мыкты келечек
  • Ар тараптуу жана ынтымактуу бирикме
  • Англис тилинде гана окутуу