Бакалавриат

БААУнун экономика тармагында искусстволор бакалавры Бард колледж аркылуу АКШнын аккредитацияланган даражасын сунуштайт. Окутуу тили – англис тили. Программа микроэкономика жана макроэкономика боюнча 2 семестр киришүү курсунан башталып, андан ары  орто деңгээлдеги микроэкономика, макроэкономика боюнча, статистика жана эконометрика боюнча кошумча курстар орун алат. Ушул базага негизделип, экономиканын түрдүү тармактарында алда канча жакшы жолго коюлган жана колдонмо курстар сунушталат. Программа сандык ыкмаларды өнүктүрүп, студенттерге жеке эмпирикалык изилдөөлөрүндө колго киритилген билим жана ыкмаларын колдонууну үйрөтөт. Бул ачыктыкка, чыгармачыл жана логикалык ой жүгүртүүгө, окууга активдүү киришүүгө көмөктөшөт. БААУнун экономикалык программасын аяктаган студенттер консалтинг жана каржы кызматтары, бизнес, мамлекеттик сектор сыяктуу жумуш берүүчүлөрдүн кенен чөйрөсүндө суроо-талапка ээ болгон теориялык жана практикалык ыкмаларды үйрөнүп чыгышат. Ошондой эле биздин бүтүрүүчүлөр дүйнө жүзү боюнча экономика, бизнес жана каржы багытында аспирантураларда окуусун улантуу үчүн жакшы даярдыкка ээ.

Программанын жетекчиси: профессор Нургуль Укуева (310-бөлмө). E-mail: ukueva_n@auca.kg

Программанын администратору: Айкумуш Жакыпбекова (215-бөлмө). E-mail: assist_econ@auca.kg

Телефон: 0312 915000 (кошумча номур 470)