Биз жөнүндө

Биз жөнүндө

Экономика факультети окутуу тармагындагы жогорку стандарттарга умтулат. Факультетте изилдөө жана публикациялар тармагында жогорку профессионалдык деңгээлдеги адистер, өз билимин мыкты Эл аралык университеттерде (Duke University, Central European University, University of Maryland) жактаган экономика илимдеринин кандидаттары, тажрыйбага бай кесипкөйлөр эмгектенишет. Факультет изилдөө долбоорлору, студенттер менен мугалимдер үчүн каралган Алмашуу программалары (АКШ, Германия, Норвегия)  боюнча Эл аралык университеттер менен кызматташат.

Биздин башкы максат – окутуу жана изилдөө аркылуу учурдагы глобалдык жана аймактык экономикалык маселелерди мыкты түшүнүүнү камсыздоо. БААУ Борбор Азия аймагынын лидерлеринин жаңы муунун окутат; биздин бүтүрүүчүлөр жеке жана мамлекеттик сектор, ошондой эле академиялык чөйрөдө ийгиликтүү карьера жасашат. Факультеттин педагогикалык максаты теория менен парктиканын өз ара байланышына, сандык-экономикалык изилдөөлөргө жана алдыңкы билим берүү технологияларын колдонууга басым жасоо менен бакалавр жана магистранттарга жогорку сапатттуу программаларды берүү болуп саналат.

Биздин бакалавр жана магситратура программаларыбыздын негизги максаты төмөнкүчө:

  • Студенттерге заманбап экономикалык теориянын негизги билимдерин окутуу;
    • Студенттерге ээ болгон теориялык билимдерин колдонуу менен экономикалык маселелер жана экономикалык саясаттардын анализдөө жана өз оюн так баяндап берүү ыкмаларын окутуу;
  • Дисциплина жана баштапкы сандык-экономикалык изилдөөлөрдүн алкагында теория менен изилдөөөрдү анализдөө ыкмаларын окутуу;
  • Студенттерди колдонмо экономист катары ийгиликтүү карьерага даярдоо;
  • Окуусун батыштын университеттеринин аспирантурасында улантуучу бакалавриаттын студенттерин даярдоо.

Факультеттин изилдөөчүлүк максаты жогорку сапаттуу колдонмо изилдөөлөрдү жайылтуу жана өнүктүрүү болуп саналат. Учурдагы иштөө процессинде негизги көңүл саясий жактан актуалдуу экономикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн эмпирикалык маалыматтарды пайдалануу менен байланышкан.  Акыркы долбоорлорго USAID, GIZ, UNDP, ADB жана мамлекеттик мекемелер колдоо көрсөтүштү. Жакында экономика факультети EMSD программасынын жана жалпы өнөктөштөрдүн активдүү катышуусу менен Курчап турган айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борборун ишке киргизди. Борбор курчап турган айлана чөйрөгө басым жасалган туруктуу экономикалык өнүгүүнү жүзөгө ашырууда объективдүү далилдөө базасын түзүп берет.

Экономикалык факультет аймактагы окутуу жана иликтөөнү бириктирген окутуу программасын сунуштаган алгачкы программалардын катарына кирет. Окутуу программасы Университеттин баалуулуктарына жооп берет – акыйкатты жана адилеттүүлүктү издөөдө жоопкерчиликтүү эркиндик. Изилдөө иштери жана академиялык чынчылдык; эл аралык окумуштуулар менен кызматташуу; изилдөөгө багытталган окутуу программасы факультетке аймактагы баары билген, таанылган алдыңкы экономика мектеби болууга жардам берет. Норвегия жана Германиянын университеттери менен стратегиялык кызматташуубуз программаларды бекемдеп, дисциплиналар аралык илимий изилдөөлөрдү иштеп чыгууга көмөктөшөт.