Көп берилчү суроолор

– Мен техникалык университетте аяктоочу курста окуп жатам, тиешелүү түрдө экономика эмес инженерлик багытында. Сиздердин магистратурага окууга өтүүгө мүмкүнчүлүгүм барбы ?

БААУнун экономика багыты боюнча магистратурасына башка каалаган тармактан тапшырса болот. Бакалвр даражасынан кийин адистикти алмаштырууга тыюу жок. Тескерисинче бул жетишерлик деңгээлде кызык мүмкүнчүлүк.

– Окууну жумуш менен айкалыштыруу мүмкүнбү?

Ооба, аткени жумуш күндөрү сабактар кечки 18:00дөн 21:00го чейин, ал эми ишемби күнү 9:00дөн 14:00 чейин окутулат. Ошондой эле магистратуранын экинчи жылында сабактар азаят. Сиз көп убактыңызды дипломдук иш жазууга арнайсыз.

 Окууга тапшырууда математика жана англис тили боюнча гана сынактар эскепке алынабы же публикациялар, конференция менен олимпиадаларга катышуулар да кандайдыр бир таасирин тийгизе алабы?

Магистратурага тапшырууда БААУнун өзүнүн сынактары гана эсепке алынат (мектеп программасынын математикасы жана англис тили). Бирок окуу акысын төлөөгө арзандатуу алуу үчүн “Экономика жана табигый илимдер” бөлүмүнүн жетекчиси жана магистрдик программанын координатору менен баарлашууда ошол публикацияларыңыз жана Эл аралык олимпиадаларда жараткан ийгиликтериңиз жөнүндө маалымат берсеңиз болот.

 Мен жогорку математика менен макро/микроэкономиканы 1-курста гана окугам. Ошого байланыштуу бул сабактарды унутуп койдум десем болот. Андыктан магистратурага өтүү жана окуу мага канчалык кыйын болот?

Окууга өтүү үчүн бул сабактар боюнча билимдин болуусу шарт эмес. БААУнун сынактары мектеп программасынын деңгээлиндеги математикадан болот. Тилекке каршы жогорку математиканы унутуп койгон болсоңуз, каржылык колдоого талапкер боло албай каласыз. Магистратуранын 1-курсунда математикалык анализ, микро/макроэкономика боюнча сабактар орун алат. Ошондуктан сабакты калтырбай, тырышчаактык кылсаңыз, материалдарды окуп-үйрөнүүдө маселе жаралбашы керек.

 – Мен бакалавриатты башка өлкодө англис тилинде окугам. Магистратурага сынак тапшырбай өтө аламбы?

Эгер университетиңизден ал жакта окуу англис тилинде өткөндүгүн тастыктаган кат берилсе, анда англис тилинен сынак тапшыруу кажет эмес. Ошондой эле бул сынактан TOEFL же IELTS расмий сертификаттары бар болгон студенттер бошотулат. Математика боюнча сынактан бошотулуу үчүн GRE (quantitative part) боюнча жогорку упайлардын болуусу зарыл. БААУнун бүтүрүүчүлөрү англис тили жана математика боюнча сынак тапшырышпайт (эгер аларды бакалавриатка өтүп жатканда тапшырган болсо).

 – Мен чет өлкөдө 1 семестр окуу мүмкүнчүлүгү бар деп уккам. Бул нерсе иш жузундө ишке ашабы? Кайсы университеттерге барып окуса болот? Кандай шарттарды аткаруу керек?

Алмашуу программаларынын бир нече түрлөрү бар: гранттык негизде жана студенттин жеке өзүнүн эсебинен. Гранттык негизде экономика боюнча магистрдык программанын студенттери Норвегиянын табигый илимдер университетинде окуй алышат. 2018-жылы бул программа боюнча Норвегияга 7 студент барып келсе, учурда (2019-жыл, жазгы семестрге карата) ал жакта 4 студентибиз билим алып жатат. Аталган программага ылайык, бардык чыгымдар (виза кызматтары, авиабилеттер, турак-жай жана тамак-аштарды кошкондо) университеттин эсебинен каржыланат. Бул программага кирүү үчүн жакшы академиялык жетишкендик жана ассистент катары факультеттин изилдөө долбоорлоруна активдүү катышуу керек.

Мындан тышкары студенттер жеке өзүнүн эсебинен бир катар алмашуу программаларына катышып, чет өлкодө биилм ала алышат. Мында чет элдик окуу жайда окуу үчүн (tuition fee) гана акы төлөнбөйт. БААУнун өнөктөштүк окуу жайлары бар өлкөлөрүнүн катарында Польша, Германия, Түркия, Түштүк Корея жана АКШ бар.

– Окууга онлайн түрүндө өтсө болобу же сөзсүз Бишкекке баруу керекпи?

Ооба, окууга онлайн түрүндө сынак тапшырып, өтсо болот. Ал үчүн TOEFL/IELTS сертификаттарынын жана GRE болуусу шарт. Мындай учурда сиз документтерди почта аркылуу жөнөтүп, баарлашууну скайп аркылуу өткөрсөңүз болот.

– Окууну аяктаган соң БААУнун студенттери, анын ичинде магистрдик программанын бүтүрүүчүлөрү кайсы тармактарда иштешет?

БААУнун Экономика факультети фирма, банк, камсыздандыруу жана маркетингдик компаниялардын аналитикалык кызматтарында, мамлекеттик башкаруу органдарынын эксперттик бөлүмдөрүндө, экономиканын реалдуу секторунун мекемелеринде, илимий институт жана жогорку окуу жайларда иштөөгө жөндөмдүү адистерди даярдайт.

Биздин бүтүрүүчүлөр эмгектенген компанияларга токтолсок, алардын арасында KPMG, KICB, Кумтөр, Улуттук банк жана башка көптөгөн каржы уюмдары бар. Кээ бир студенттерибиз мамлекеттик органдарда иштеп келишсе (КРнын Президентинин Администрациясы, Экономика министрлиги), айрымдары өз иштерин ачышкан. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн арасында гранттык программалар боюнча чет өлкөлөрдө окуусун улантып жаткандар да жок эмес. Студенттерибиз Эл аралык изилдөө борборлррунда өз алдынча илимий иш алпарса болорун да кошумчалап кетели.