Магистранттар үчүн стипендиялар

Магистранттар үчүн стипендиялар

Экономика боюнча магистратура программасынын студенттери окуу акысынан 10%дан 70%га чейинки өлчөмдөгү жеңилдетүү ала алышат. Учурдагы студенттердин 90% жеңилдетүүлөр менен окуп келишет. Мындай жеңилдетүү алуу үчүн алгач БААУнун жалпы сынактарын тапшыруу кажет (Окууга тапшыруу бөлүмүн караңыз), андан соң математика боюнча сынакты тапшырып, программанын башчысы менен баарлашуудан өтүү зарыл.

Каржылык колдоону кантип алууга болот?

Окуу акысынын 70% өлчөмүнө чейинки каржылык колдоо 2 фактордон коз каранды:

 1) Жай мезгилинин июнь айында документ тапшыргандардын санынан жана июнь-июль айларында өтчү математика боюнча сынактын жыйынтыгынан

 2) Окуу учурунда студенттин кафедрада кошумча ассистент катары иштөөгө каалоосу жана даярдыгынан

Окууга 100 % жеңилдетүүгө ээ болуу үчүн сынактан 90дөн көп упай (мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен) чогултуп, кафедрада күнүнө 5-8 саат иштөөгө макул болуу талап кылынат. Эгер сиз азыраак жеңилдетүүгө ээ болууну кааласаңыз жана кафедрада иштөө мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо (мисалы сиздин башка туруктуу жумушуңуз бар), анда сынактан жогорку упай алуу жетиштүүлүк кылат.

Жеңилдетүү алуу үчүн математика боюнча сынактар төмөну темаларды камтыйт: Сызыктуу алгебра, калыптар, биринчи жана экинчи даражаданын туундулары, теңдемелер системасы, функциялардын интегралдары жана баалары.

Эгер окууга тапшырууда документтерди өз убагында 30-июнга чейин тапшырылса, анда эч кандай кошумча сынактарсыз студенттерге 20% жеңилдетүү берилет. Бирок мында математика (мектеп программасы) жана англис тили боюнча БААУнун стандарттык жалпы сынактарын тапшыруу каралган. Сынактарга онлайн түрүндө катталууга мүмкүн  https://auca.kg/en/admissions/