NMBU, БААУнун Айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борбору жана КУАУнун биргелешкен илимий конференциясы

2019-жылдын 26-27-апрелинде Норвегиялык табигый илимдер университети, БААУнун Айлана-чөйрө жана Өнүгүү борбору жана Кыргыз улуттук агрардык университетинин (КУАУ) биргелешкен илимий конференциясы өткөрүлдү.

Конференция DIKU (Эл аралык кызматташтык жана жогорку билимдин сапатын көтөрүү боюнча Норвегиялык агенттик) колдоого алган “Экономика жана агробизнесте окуу программалары жана изилдөөлөрдүн деңгээлин көтөрүү” долбоорунун бир бөлүгү болуп калды. Ага NMBU`нун Экономика жана Бизнес мектебинин профессорлору, КУАУнун өкүлдөрү жана БААУнун Айлана-чөйрө жана Өнүгүү борбору изилдөөчүлөрү катышты.

Бет ачарлар түрдүү темаларды козгоп, алардын арасында климаттын өзгөрүшү, соода согуштары, био ар тараптуулук, КРнын мектептериндеги тамактануу, ГМО жана АКШ менен Норвегиядагы балык сатып алуучулардын тандоолору, соода-сатык коопсуздугу жана КРнын агробизнес секторун өнүктүрүү маселелери да камтылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *