Польшалык Познан Экономика жана Бизнес университетинин (PUEB) профессору Agnieszka Poczta-Wajda БААУнун экономика факультетинин студенттери үчүн лекция өттү

8-12-апрелде польшалык Экономика жана Бизнес университетинин профессору Agnieszka Poczta-Wajda БААУнун экономика факультетинин студенттери үчүн лекция окуду. Бул лекциялар БААУ менен PUEB`дин Erasmus программасынын колдоосу астында биргелешкен курстарынын бир бөлүгү болуп саналат. Профессор Poczta-Wajda “Айыл-чарба саясаты жана Эл аралык соода” курсун Гульнара Нуриева менен биргеликте БААУнун экономикасынын магистрлери үчүн өтүп берди.

Лекциялардын темалары өзүнө айыл-чарба азыктары менен Эл аралык соода жүргузүү маселелерин, Бүткүл дүйнөлүк ссода уюмунда айыл-чарбасы боюнча сүйлөшүүлөр, айыл-чарба өндүрүшчүлөрүн колдоо боюнча сасаттын өлчөмдөрү жана индекстери, өндүрүшчүлөргө Бүткүл дүйнолүк банк тарабынан каралган колдоонун баалары жана Европа биримдигинин жалпы айыл-чарба политикасына байланышкан суроолорду камтыды.

Студенттер үчүн OECD PSE (өндүрүшчүлөрдүү колдоо баалары) жана Бүткүл дүйнөлүк банктын NRA (өндүрүшчүлөрдү колдоонун номиналдык баалары) маалыматтар базасы менен иштөө уникалдуу мүмкүнчүлүгү жаралды. Профессор айым билим берүү тармагындагы билим берүү тажрыйбасы менен бөлүшүп, изилдөө долбоорлору боюнча кеп-кеңештерин да берди.

Ошондой эле Agnieszka Poczta-Wajda менен БААУнун Экономика факультети бир нече изилдөө долбоорлору боюнча потенциалдуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *