Биздин кишилер: Нургуль Укуева Бишкек шаардык мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланды

14 ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында БААУнун биринчи курсунун студенттеринин студентикке арноо кечеси өткөрүлдү. Бул жолу салтка айланган жыл сайын өтүүчү иш-чара өзгөчө салтанаттуу болду – студенттик майрам БААУнун 25 жылдык мааракеси менен дал келди.

Кеченин сыйлуу конокторунун арасында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов да болду. Шаардык муниципалитеттин башчысы куттуктоо созүн сүйлөп гана тим болбостон, БААУнун экономика факультетинин жетекчиси Нургуль Укуевага “Ак, жигердүү эмгеги жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн” мэриянын Ардак грамотасын тапшырды.

Биз доктору Укуеваны сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *