Айлана-чөйрө жана өнүктүрүү Борбору 17-октябрда БААУда жашыл экономиканын улуттук жумалыгын кабыл алат

БААУнун Айлана-чөйрө жана өнүктүрүү Борбору 17-октябрда жашыл экономиканын Улуттук жумалыгынын алкагында өтчү ачык семинар-конференцияга чакырат.

 

Кыргыз Республикасында адамдын жашоо сапатын жакшыртуу, социалдык адилеттүүлүктү камсыздоо, ресурстарды эффективдүү пайдалануу, экологиялык таза технологияларды жана инновацияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн берчү туруктуу өнүгүүгө жетишүү максатында жашыл экономикага өтүү боюнча активдүү иштер жасалууда.

 

Ошол туруктуу өнүгүүгө жетишүүнү камсыздоодо жашыл экономиканы алга жылдырууну тутутнуп, бардык кызыкдар тараптардын катышуусунун зарылдыгын жана маанилүүлүгүн эске алуу менен Экономика министрлиги КРнын Өкмөтүнүн өкулү катары “Жашыл жумалык-2018” жумалыгын уюштуруу жана өткөрүү демилгесин көтөрүп чыкты. Иш-чара 2018-жылдын 15-20-октябрь күндөрү өткөрүлөт.

 

Бул “жашыл экономиканын” жумалыгы кызыкдар кенен чөйрөнү жараянга тартуу мүмкүнчүлүгүн берип, жашыл экономиканын максаттарын мамлекеттик программалар менен саясатка тиешелүү денгээлде аралаштыруучу саясий негиз түзүп бермекчи.

 

Жумалыктын алкагында Бишкек жана Ош шаарларында жашыл технологиялардын көргөзмөлөрү, атайын семинар жана тегерек столдор, окутуучу тернингдер жана практикалык жолугушуулар жана башка иш-чаралар каралган. Ал эми жумалыктын жыйынтыктоочу иш-чарасы “Жашыл экономика: Кыргыз Республикасында жашыл экономиканын өнүгүүсү жана келечеги” Форуму болмокчу.

Каалоочулардын баарын чакырабыз. Иш-чара БААУда өтөт.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *