Жаштар үчүн фото жана видео сынак: ecofriendly бол!

БААУнун Айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борбору Кыргызстандын окуу жайларынын студенттери менен орто мектептин жогорку класстарынын окуучуларын жашыл экономикага байланышкан фото жана видео сынакка катышууга чакырат.

Сынактын максаты – экология, энергоэффективдүүлүк, энергияны сактоо, калыбына келүүчү энергия булактарын колдонуу, жаратылышты жана анын байлыктарын сактоо, өндүрүшкө “жашыл” технологияларды аралаштыруу жана күнүмдүк жашоодо өзүн-өзү экологиялык алып жүрүү маселелерине жаштардын көңүлүн буруу.

Сынак 17-сентябрдан 12-октябрга чейин өткорүлөт. Ага катышууга КРнын ЖОЖдорунун үндузгү жана сырткы бөлүмдөрүнүн студенттери чакырылат.

Сынакка катышуу үчүн жашыл экономика темасына таандык каалаган фотосүрөт же видеоролик тартып, auca.ced@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүү зарыл. Сынакка материалдар 12-октябрь кечки саат 17:00го чейин гана кабыл алынат. Белгиленген мөөнөттөн кечикттирилген сүрөт жана роликтер каралбайт.

Мыкты эмгектер Жашыл экономика-2018 Жумалыгынын алкагында калың элге көрозүлөт. Жумалык Экономика министрлиги тарабынан 15-20-октябрь күндөрү өткөрүлөт.

Сынактын шарттары

– Сынакка буга чейин жарыяланбаган, КРнын ЖОЖдорунун студенттери менен мектептеринин жогорку класстарынын окуучуларынын жарыяланган темага ылайык эмгектери кабыл алынат.

– Бир автор/командадан 1 гана эмгек абыл алынат.

– Сүрөттөр JPG форматында өлчөмү 2398х3602 пикселден кем эмес болуусу кажет.

– Видеороликтер 5 мүнөттөн ашпаган жана MPEG4, AVI же WMV форматында жогорку кеңидкте (1920х1080) болуусу зарыл.

– Электрондук катта төмөнкү маалыматтардын көрсөтүлүүсу шарт: сынак, жанр, автордун аты-жөнү. Мисалы: Сынак. Фото. Асанов Б.Т.

– Ошондой эле катта катышуучунун байланыштары көрсөтүлүүсү шарт: аты-жөнү, байланыш телефону (уюлдук болсо максатка ылайык), электрондук почтанын дареги.

– Сынакка автордук укугу сакталган автордун өзү жараткан эмгектери гана кабыл алынат. Башка бирөөлөрдүн эмгектерин пайдалануугу жол берилбейт.

Жюри тарабынан эмгектерди тандоо жана баалоо критерийлери

  • Эмгектердин тематиканын формасына, маанисине жана мазмуунуна дао келүүсү;
  • Көркөм-эмоционалдык таасир берүүсү;
  • Идеянын оригиналдуулугу;
  • Актуалдуулук жана жаңычылдык

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо

Ар бир жанрда (сүрөт, видеоролик) алдыңкы 3 орун ээлери аныкталат. Жеңүүчүлөр БААУнун Айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борборунун акчалай байгелери жана сертификаттары менен сыйланат.

Сынактын жыйынтыктары БААУнун Айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борборунун ced.auca.kg расмий сайтына жарыяланат.

Сынактын жыйынтыгын чыгаруу жана салтанаттуу сыйлоо аземи 17-октябрда БААУда “Жашыл экономикадагы билим жана илим” семинарынын алкагында орун алат.

Кызыктырган суроолор боюнча БААУнун Айлана-чөйрө жана Өнүгүү Борборунун командасы менен байланышсаңыздар болот: lazutkina_m@auca.kg , 0 555 11 55 40 (Маргарита)

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *